Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Мамлекеттик мекемелердин бирдиктүү порталы ишке кирди


Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин биргелешкен egov.kg порталы ишке кирди. Сайт тууралуу 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий түрдө тааныштырып, бул мамлекет менен жарандардын ачык-айкын аракеттенүүсүнө жана калкка маалымат берүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

“Мамлекеттик органдар ачык-айкын жана ачык иштеши керек. Биз калкка актуалдуу жана текшерилген маалыматты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Бүгүнкү күндө социалдык тармактар жана ЖМКлар маанилүү ролду ойнойт, бирок маалыматты бурмалоо жана ишенимсиз маалыматтарды таратуу учурлары көп кездешет. Бул шарттарда калк менен өз ара аракеттенүүнүн негизги куралы мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттары болушу керек”, – деди Касымалиев.

Egov.kg порталы иштей баштады, айрым министрликтердин жана мекемелердин сайттарын бирдиктүү платформага өткөрүү иштери жүрүп жатат.

Порталда бардык министрликтердин расмий маалыматы, негизги документтери жана байланыш маалыматтары камтылат. Колдонуучуларга керектүү мамлекеттик кызматтарды, маалыматтарды жана тиешелүү органдардын байланыш маалыматтарын тез табууга мүмкүндүк берери жазылган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG