Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Трамп Би-Би-Сини жалган маалымат жайылтууга айыптап, сотко кайрылды


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп 15-декабрда британиялык Би-Би-Си корпорациясына каршы сотко доо арыз менен кайрылып, аны жалган маалымат таратууга айыптады жана компенсация иретинде 10 миллиард доллар талап кылды.

Сотко жазган арызында Трамп аталган медианын эфирине 2024-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоонун добуш берүү күнүнө бир апта калганда чыккан программаны жүйө келтирди жана Би-Би-Си анын 2021-жылы 6-январда Ак үй алдында тарапкерлери алдында сүйлөгөн сөзүн атайылап Конгрессте башаламандык уюштуруу катары көрсөтүүгө аракет кылган деп билдирди. Анын сөзүнүн кайсы гана протест болбосун, тынч өтүшү керек деп айтып жаткан жерин эфирдик версияда кесип жарыялашканын белгиледи.

Кошмо Штаттардын президенти Би-Би-Сини "шайлоого жыйынтыгы президент Трампка залака тийгидей кылып таасир этүү аракети" үчүн айыптоодо.

Би-Би-Си жакында бул окуяга байланыштуу Трамптан кечирим сураган, аудиториясы ал жөнүндө туура эмес маалымат алып калганын мойнуна алган, жогорку кызматтагы эки жетекчиси ишинен кеткен, медианын адвокаты "Би-Би-Сиде эч кимди адаштыруу ниети болбогонун" билдирген.

Сөз болуп жаткан программа АКШнын өзүндө эфирге чыккан эмес, бирок, ошого карабастан, Трамп арыз менен Майамидеги федералдык сотко кайрылды. Сотто утуш үчүн ал Би-Би-Си өз аудиториясын адаштырган маалыматты атайылап жарыялаганын далилдеп бериши керек болот.

АКШнын 45-президенти (2017-2021-жылдар) жана азыркы, 47-президенти Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG