Акылбек Жапаров кызматтан күтүүсүз кетти
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетти. Ал "Ынтымак ордодо" президенттик администрациянын кызматкерлери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен коштошуп, имараттан чыгып кетти. Коомчулукта анын иштен кетиши күтүүсүз окуя катары бааланууда. Бул Салык кызматындагы коррупциялык иш иликтенип жаткан учурга туш келди. Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылат.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 16, 2025Украина боюнча сүйлөшүү: Донбасстын тагдыры бүдөмүк
-
Декабрь 16, 2025Мьянма: Кыргызстандык аял кулчулуктан куткарылды
-
Декабрь 16, 2025Cириядан кайткандар жай турмушка кантип көнөт?
-
Декабрь 16, 2025Берлин: Украинанын коопсуздугу менен аймактык бүтүндүгү талкууланды
-
Декабрь 15, 2025"Азаттыкка" чыккандан кийин Түркияда сот тез жүрдү
-
Декабрь 15, 2025Меладзенин концерти эмнеге өтпөй калды?
Шерине