Бишкекте базардан чыккан өрт чектөөгө алынды

"Азиз" базарынан чыккан өрт. Сүрөт ӨКМге таандык

Бишкек шаарындагы “Азиз” базарынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт саат 10:16да чектөөгө алынган. Жалпы 500 чарчы метр аянт күйгөнү кабарланды. Жабыркагандар жок.

Өрт өчүрүү иштери саат 8:58ден бери уланууда жана ага сегиз бөлүм тартылган.

“Азиз” дүң базары Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон, алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

Дагы караңыз

Мамлекеттик Дума Deutsche Welle "жагымсыз уюмдардын" катарына киргенин билдирди Берлинде Зеленский АКШнын чабармандары менен тынчтык планын талкууладыАвстралиянын Сидней шаарында ок атылып, кеминде 10 киши каза тапты Сиднейдеги кол салууда каза тапкандар 15ке жетти, ок аткандар ата-бала болгон